Коом
Баткенде жаңы шаар курулат

Жаңы Баткен шаарынын курулуш долбоорлоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымат беришти.
Маалыматта белгиленгендей, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун “Жаңы Баткен” шаарын куруу демилгеси президент Садыр Жапаров тарабынан колдоо тапты.
Ага ылайык, Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылында 760 гектар жер аянты трансформацияланды. Анда 100 миң адамга ылайыкталган экологиялык жашыл курулат. Учурда долбоорлоо иштери жүрүүдө.



