Жалал-Абадда алдамчылык менен күн кечирген аял кармалды

2024-жылдын жыл башынан бери Жалал-Абад ШИИБде, жалпы алдамчылык фактысы менен Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районун аймагында он бир жаран арыз менен кайрылган. Анда Гулум аттуу аял алардын ишеничине кирип, ар кандай товарларын алып кетип, сатып акчасын үч күндө алып келип беремин деп качып жүргөндүгүн билдиришип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранышкан.
Аталган маалымат Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин негизинде, ЖалалАбад ОИИБдин жана ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин иш аракеттеринин натыйжасында, 2024-жылдын 23-ноябрь күнү кылмышка шектүү катарында 1970-жылы туулган Г.Ю. аттуу аял киши Ош шаарынан кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмыш ишине шектүү, 1970-жылы туулган Г.Ю. аттуу аял коңшу өлкөнүн жараны экендиги аныкталган. Ошондой эле шектүүнүн дагы башка бир нече кылмыштарды жасагандыгы боюнча маалыматтар аныкталууда.
Эскертүү, эгерде төмөндөгү аялдан жабыркап, зыян тарткан жарандар болсо Жалал-Абад ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө арыз менен кайрылсаныздар болот.



