Коом

Кыргызстанда калкты милдеттүү түрдө медициналык кароодон өткөрүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов жарандарды жыл сайын милдеттүү медициналык текшерүүдөн өткөрүү системасын киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, ооруларды эрте аныктоо үчүн мындай мүмкүнчүлүк бардык аймактарда жеткиликтүү болушу керек.

Адистер демилге ооруларды эрте аныктоого жардам берерин белгилешкени менен, өлкөдө дарыгерлердин жана медициналык жабдуулардын жетишсиздиги көйгөй жаратышы мүмкүн экенин айтышууда.

Учурда Кыргызстанда бардык жарандарды комплекстүү чек-аптан өткөрүү боюнча мамлекеттик система жок. Саламаттык сактоо министрлиги демилгеге азырынча расмий комментарий бере элек.

Тектеш кабарлар

Back to top button