Коом

Балыкчыда жолдорду сапатсыз салган компанияларга айыппул салынды

Балыкчы шаарындагы Кулакунов, Тоголок Молдо жана Абдрахманов көчөлөрүндөгү жолдорду жана тротуарларды реконструкциялоо учурунда бир катар кемчиликтер аныкталды.

Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө асфальт-бетон жабуусунун жука жана сапатсыз төшөлүшү, суу өткөрүүчү курулмалардын ооз бөлүктөрүн, тротуарларды, коргоочу жана таяныч элементтерди орнотуудагы кемчиликтер аныкталган.

Ошондой эле айрым тилкелерде жолдун негизин талаптагыдай тазалабай жана битум эмульсиясы менен алдын ала иштетпестен асфальт төшөлгөн. Суу агызуучу лотоктордун туташтыруучу бөлүктөрү сапатсыз аткарылып, инженердик кудуктардын белгилери жол жабуусунун деңгээлине туура келбегени белгиленген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында «Чу Прокси», «4 Энерджи» жана «Капитал Консалт» ЖЧКларына жалпы 105 миң сом айып пул салынды.

Мындан тышкары, аныкталган кемчиликтерди подряддык уюмдардын өз каражаттарынын эсебинен белгиленген мөөнөттө жоюу талабы коюлган.

Учурда сапатсыз аткарылган иштерди демонтаждоо жана кайра оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Талаптардын аткарылышы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button