Саясат
Үн кошуңуз! Улуттук наркты сактоо программасынын долбоору коомдук талкууга чыкты
Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программанын долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Документте улуттук баалуулуктарды сактоо жана жайылтуу, үй-бүлөдө, коомдук жайларда «нарктуу жүрүм-турумду» киргизүү, кыргыздын руханий маданияты түшүнүгүн системалоо, билим берүү тууралуу айтылган.
Негизги максат — кыргыз элинин жана Кыргызстан калкынын улуттук наркын сактоону жана андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу.
Документти толугу менен КР президентинин расмий сайтынан көрүүгө болот.
Долбоорго байланыштуу сын-пикир жана сунуштар [email protected] дареги аркылуу 15-августка чейин кабыл алынат.



