Коом

Бишкекте өтүп жаткан экинчи Элдик Курултайда милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоону улантууда

Бүгүн, 16-декабрда Бишкекте өлкөнүн бардык облустарынан, аймактарынан жана Бишкек шаарынан келген делегаттардын катышуусунда экинчи Элдик Курултай өз ишин улантты.


Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков элдик курултайга катышып, Укук тартиби боюнча делегаттардын кайрылууларын кабыл алууда.
Курултайдын катышуучуларынын укук коргоо органдарынын ишине тиешелүү кайрылуулары, арыздары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан каралат.


Учурда иш-чаранын эки күнүндө 50дөн ашык кайрылуу болуп, ичинен 19-сунуш, 3-ыраазычылык келип түштү. Калганы милициянын күнүмдүк иши, тергелип жаткан кылмыш иштери жана кылмыштардын алдын алуу маселелери боюнча кайрылуулар болду.
Ички иштер министрлигинин башчысы келип түшкөн бардык арыздарды жана кайрылууларды жеринде тиешелүү кызматтарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык объективдүү, ыкчам чечимдерди кабыл алууну көрсөтүү менен тапшырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button