Коом

«Соттолгондордун түрмөдөн качуу үчүн колдонгон амалдары». ЖАК кызматкерлеринин изилдөөсү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Бишкек шаарындагы Окуу борборунун адистеринин бүтүндөй тобу Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы №10, 25 жана 53- мекемелердин өздүк курамына көчмө лекциялардын циклин өткөрүштү.

Окуу десантына атайын дисциплиналар кафедрасынын башчысы, и/к полковниги Океев С.К., күжүрмөн жана дене тарбия кафедрасынын башчысы, и/к полковниги Мустаков И.Б., гуманитардык-укуктук дисциплиналар бөлүмүнүн башчысы, и/к майору Шевченко А.В., окуу-усулдук бөлүмүнүн, и/к капитаны Мурзаев Т.Ж. улук инспекторлор кирген. Алардын сабактары 100 адамды камтыды.

Ошондой эле жолугушуулардын жүрүшүндө Окуу борборунун ишмердүүлүгү жана алдыдагы пландары боюнча маалымат берилди.Тактап айтканда, 26-сентябрда “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын кадр саясатын өркүндөтүүнүн көйгөйлөрү жана жолдору”- деген темада илимий-практикалык конференция өткөрүү пландары боюнча маалымат берилди.

Мындан тышкары, угуучуларга «Абак кызматкерлеринин кесиптик ишмердүүлүгүнүн негиздери» методикалык колдонмосу жана «Соттолгондордун качуу үчүн колдонгон амалдары»  — деген окуу-практикалык колдонмосу тартууланды. Бул материалдар кесиптик билим берүү кызматкерлери менен кошумча сабактарды окууга жана өткөрүүгө арналган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button