Коом

25-июлда Бишкектин айрым жерлеринде муздак суу өчөт. Тизме

25-июлда Бишкектин кээ бир жерлеринде саат 9:00дөн 21:00гө чейин муздак суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Дүйшөмбүдө «Гагарин» суу өткөргүчүндө оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аткарылат.

Суу убактылуу берилбей турган көчөлөр жана конуштар:

Лев Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунушалиев, Гагарин, Муромский, Циолковский, Тимур Фрунзе, Өмүракунов, Алыкулов көчөлөрү, Ак-Өргө жаңы конушунда Өмүракунов көчөсүнүн түндүк тарабы, Жумушчулар шаарчасы, Дыйканчылык институту.

Мэрия ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан кечирим сурап, алдын ала суу камдап алууга чакырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button