Коом
Оштогу №42 жатак абагында жыл башынан тарта 9 тонна кир самын даярдалган

Үстүбүздөгү жылдын 6 айында Ош шаарындагы №42 жатак абагындагы атайын цехте 9 тонна кир самын даярдалган. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өндүрүлгөн продукция Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын ар кандай мекемелеринин керектөөлөрүнө арналган.





