Айлыгы 20 миң сомдон жогору. Жазаларды аткаруу кызматы кызматкерлерди ишке кабыл алууну жарыялайт

Жазаларды аткаруу кызматы кызматкерлерди ишке кабыл алууга сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин Басма сөз кызматы билдирди.
Дарыгерлер жана IT адистери талап кылынат:
Талапкерлерге коюлган талаптар:
жогорку билим (медициналык);
аялдарды кошпогондо, аскердик же альтернативдик кызмат (үй-бүлөлүк себептер боюнча);
жашы 35 жашка чейин;
орус жана кыргыз тилдерин билүү.
Контролер
Талапкерлерге коюлган талаптар:
орто, орто атайын же жогорку билим;
аскердик же альтернативдик кызмат (үй-бүлөлүк себептер боюнча);
жашы 30 жашка чейин;
Бою 165 см кем эмес.
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунда кызмат өтөөнүн шарттары:
эмгек стажынын жеңилдетилген эсеби боюнча пенсияга чыгуу (1 күнгө 1,5 күн);
контролёрлордун эмгек акысы стажына жараша 20 000 сомдон жана андан жогору;
улук инспекторлордун — врачтардын эмгек акысы стажына жараша 25000 сомдон жана андан жогору;
дайындалган учурдан тартып атайын наамды ыйгаруу;
жазык-аткаруу тутумунун кызматкерине берилүүчү башка социалдык кепилдиктер.
Бардык каалоочулар резюмесин [email protected] электрондук дарегине жөнөтсө болот же Бишкек ш., Ибраимов кечесү, 106, КР ЖАКнын Борбордук аппараты.
Телефондор: 0312 43-82-10, 0553-81-03-02, 594361 и 453315,
0 990 666 582



