Коом

Директорлорду тандоо сынагы алгач Баткенде өтөт

Өлкөдө директорлорду тандоо сынагы Баткен облусунан башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак Баткен мамлекеттик университетинде 11-август жана 12-август күндөрү өткөрүлөт.

Учурда аймактагы бош орундардын саны ­– 98. Бул сан дагы толукталуусу мүмкүн.

Белгилүү болгондой, буга чейин министрлик директорлорунун бош орундарына сынак жарыяланган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button