Саясат

Чолпон-Атага жаңы жетекчи дайындалды. Жаңы мэрдин өмүр баяны

Жапарбек Осмонов Чолпон-Ата шаарынын мэри болду. Маалыматты аны дайындоо боюнча документке кол койгон Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов тастыктады.

Ал 1973-жылы 23-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районундагы Лангар айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1997-жылы Ош технологиялык университетин «жүк ташууну уюштуруу жана транспортту башкаруу» адистиги боюнча билим алган. Экономика илимдеринин кандидаты.

Эмгек жолу:

1989-1991 — Кара-Суу районунун «Ленин» колхозунда жумушчу;

1993-1997 — Ош мамлекеттик университетинде комендант;

1997-2000 — Ош технологиялык университети, административдик чарба иштери боюнча проректор;

2000-2001 — Ош мамлекеттик университети, административдик чарба иштери боюнча департаментинин башчысынын орун басары;

2002 — Ош мамлекеттик университети, Маркетинг жана тышкы байланыш бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

2002-2003 — Ош мамлекеттик университети, административдик чарба иштери боюнча департаментинин башчысы;

2003-2014 — Ош мамлекеттик университетинин проректору;

2014-2015 — Ош шаарынын вице-мэри;

2016-жылдын 25-апрелинен тарта Ош шаардык кеңештин төрагасы болчу.

Буга чейин Чолпон-Ата шаарын Бердибек Иманбеков жетектеп келген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button