Коом

Кыргызстанда бир жумада 16 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстанда бир жумада 15 миң 962 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

— ылдамдыкты ашырып айдоо– 3500;
— тиешелүү документи жок унаа башкаруу – 157;
— транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 5253;
— инспекторлордун автоунааны токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 16;
— автоээнбаштык – 6;
— жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 790;
— ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 75;
— жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 5052;
— автоунаанын терезелерин караңгылатып айдоо – 36;
— мас абалында рулга отуруу – 229.

Ар кандай эреже бузган 995 унаа айып коргоо жайына токтотулган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button