Окуялар

Катуу каргаган. Жалал-Абадда өз жанын кыйган 29 жаштагы келин кат таштап кеткен

Базар-Коргондо 29 жаштагы келин асынган абалда табылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

23-июль күнү саат 07:55 чамасында Базар Коргон РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн «102» кызматтык телефонуна Базар-Коргон районунун Правда айылынын тургуну 1959-жылы туулган жаран байланышып, Базар-Коргон районунун Могол айыл өкмөтүнүн Кара-Ой айылынын Катранкы участкасында келини 1993-жылы туулган Айнура (аты өзгөртүлдү) өзү жашаган үйүндө өзүн өзү асынып алып каза болгондугун билдирген.

Аталган билдирүү 23-июлда Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына өзүн-өзү асып алуу болуп катталган. Бул билдирүү боюнча окуя болгон жерге Базар-Коргон РИИБдин тергөө ыкчам тобу прокуратуранын жетекчилиги менен бирге чыгышкан.

Айнура үйүнүн ичиндеги толук бүтө элек бөлмөсүндөгү үйдүн балкасына жолук материалдарды байлап өзүнүн өмүрүн кыйып каза болгондугу аныкталган. Андан сырткары окуя болгон жерден кат алынган.

Келин өлөр алдында кагазга кат жазып, ал өзүнүн жазган катында “Ким дагир (ред. бузулган) болуп жаман жүрсө башканы да ошондой ойлойт. Чыныгы дагир келин алып өлгүчө ар кимдин астынан таап келип жашатып кал”- деп жашыл түстөгү сыя менен жазылган.

Аталган окуя боюнча аныкталган жаны жагдайлардын негизинде 22-август күнү Базар-Коргон РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү болгон бардык экспертизанын түрлөрү дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жабырлануучунун укугун коргогон жактоочунун катышуусунда иштин жүрүшүндөгү баардык тергөө амалдары тааныштырылган. Дайындалган экспертизалардын жыйынтыгы чыккандан кийин аталган окуя боюнча толук тергөө амалдары жүргүзүлүп, мыйзамдуу чечимдер кабыл алынат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button