Коом
Кыргызстанда ооруканага кеч кайрылганы үчүн жыл сайын 3 миңдей адам рактан каза табат

Өпкө, ашказан жана боор рагына кабылган кыргызстандыктардын 70 пайызы акыркы стадиясында гана ооруканага кайрылышат. Бул тууралуу Онкология жана гематология улуттук борборунун жетекчиси Бактыгүл Султангазиева билдирди.
Айьымында, жыл сайын ракка кабылуунун 600 жаңы учуру катталат. Бейтаптардын жарымы медицинага кеч кайрылгандыктан диагноз коюлгандан кийин эле каза табышат.
«Кыргызстандыктар абдан чыдамкай, ошондуктан оору чыдай алгыс болгондо гана кайрылышат. Алардын каза болушу дарыгерлердин айыбы эмес. Албетте, дарыгерлердин да кемчилиги бар, анткени аймактарда онкологдор жок, дартты аныктоо жакшы жүрбөйт», — дейт ал.



