Коом

Аялын өлтүргөн деп абакка кесилген инспектордун окуясы: Кесиптештерине карата иш козголду

Таласта аялын өлтүргөнгө айыпталып 12 жарым жылга эркинен ажыратылган инспектордун окуясы боюнча дагы бир берене менен кылмыш иши козголгон. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Башкармалыктан билдиришкендей, 2021-жылы 29-декабрга караган түнү саат 00:03дө инспектор үйүнүн короосунда келинчегин ур-тепкиге алган. Андан кийин саат 02:03 чамасында үйгө инспектордун кесиптештери облустук жол кыймылынын коопсуздук кызматкерлери — У.М., А.К., С.Д. жана анын жубайы Ж.Н. келишкен. Алар сабалган келинди оор абалда калтырып, саат 03:44 чамасында аталган даректен кетишкен.

Аталган факты боюнча 10-август күнү 145-берене (жардам көрсөтпөй коюу) менен Талас шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн 15-августта Талас ШИИБге жиберилген. Азыркы учурда кылмыш иши боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдайт облустук милициядан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button