«Түндүк» тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» ишке кирди

«Түндүк» мобилдик тиркемесинде жаңы санариптик кызмат — «Шайлоочунун кабинети» ишке кирди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.
Жаңы кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өздөрүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, берилген арыздардын тарыхын көрүүгө жана шайлоо участоктору боюнча катталуу өзгөрүүлөрүнүн тарыхы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.
Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт катары иштеп келген. Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын бардык мүмкүнчүлүктөрү эми «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Натыйжада шайлоочулар керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу ала алышат.
Бул кызматты ишке киргизүү шайлоо процессин санариптештирүү, анын ачык-айкындуулугун жана мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандар үчүн шайлоого байланыштуу маалыматтарды алууда ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт.
Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесине кирип, авторизациядан өткөн колдонуучулар үчүн жеткиликтүү.



