Окуялар
Бишкекте ботаникалык бакчада өрт чыгып, толугу менен өчүрүлдү

Бишкектин Токомбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ботаникалык бакчанын аймагындагы өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылган, куураган чөптөн чыккан жалын саат 21:01де толук өчүрүлдү.
Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда.



