Окуялар

Көл жээгинен сөөгү табылган аялдын аты-жөнү такталып, маркумду айылына алып кетишти

Буга чейин Ысык-Көл ОИИБ маалымат таратып, Тоң районундагы Ысык-Көлдүн жээгинен адамдын жансыз денеси табылганын билдиришкен.

Аны жергиликтүү тургундар тапкан. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча анын денесинде тактар байкалган эмес. Милиция кыздын жакындарын издеп жатат. Анын жансыз денеси учурда райондогу өлүкканада жатат. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган соң, өлүмүнүн себеби аныкталат.

Милиция тарабынан Кең-Сай аймагында табылган жансыз дененин өздүгү аныкталып, туугандары табылган. «Ал 41 жаштагы аял болуп чыкты. Туугандары тарабынан жансыз дене таанылып, айылга алып кетишти»,- дешти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button