Окуялар
Баткенде жер титиреди
Баткенде күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын ӨКМ Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.
Жер түнкү саат 02:29да титиреген.
Ал Лейлек районунун Жаңы-Турмуш, Катран айылдарында 4 балл, Лейлек, Тогуз-Булак, Маданият айылдарында 3,5 балл, Сүлүктү шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.



