Коом

Ички иштер министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгын жыйынтыктоо боюнча аппараттык кеңешме болуп өттү

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын 23-июнунда Ички иштер министрлигинде онлайн форматта аппараттык кеңешме өткөрүлдү. Ага ИИМдин жетекчилиги, борбордук аппараттын кызматтарынын, башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жана ички иштер органдарынын жетекчилери катышты.

Кеңешменин катышуучулары 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгын ийгиликтүү жыйынтыктоо маселелерин талкуулап, бөлүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана кызматтык тартипти чыңдоо боюнча милдеттерди белгилешти. Ошондой эле коомдук-саясий кырдаалга терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон факторлорго бөгөт коюу, республика аймагында коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Туристтик мезгилдин кызуу учуруна байланыштуу бөлүмдөрдүн жетекчилерине туристтик аймактардагы коопсуздукту күчөтүү, туристтик-экологиялык милициянын ишин өркүндөтүү, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөө боюнча тапшырмалар берилди.

Ошондой эле кеңешменин жүрүшүндө өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукту камсыздоо, укук бузуулардын алдын алуу, кызматтык тартипти чыңдоо жана ички иштер органдарынын укук тартибин сактоо боюнча ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери каралды.

Мындан сырткары, «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында коопсуздукту камсыздоодо санариптик технологияларды кеңири колдонуу, видео байкоо камераларынын санын көбөйтүү, боди-камералардын, планшеттердин, дрондордун жана башка техникалык каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышын күчөтүү маселелери каралды. Азыркы учурда республика боюнча 10 миңден ашуун видео камера иштеп жатканы белгиленип, жыл соңуна чейин алардын санын 20 миңге жеткирүү боюнча милдеттер коюлду.

ИИМдин жетекчилиги тарабынан ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн мындан ары өркүндөтүү, калк менен иштөөнүн сапатын жогорулатуу, жарандардын кайрылууларына өз убагында чара көрүү жана коомдук маанидеги иш-чараларды өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар милдеттер коюлду.

Кеңешменин жыйынтыгында иштин артыкчылыктуу багыттары аныкталып, жетекчилерге тиешелүү тапшырмалар берилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button