Окуялар
«Гавайи» эс алуу жайында жаңжал чыгып ок атылып, 22 адам милицияга жеткирилди

Чүйдөгү «Гавайи» эс алуу жайынын аймагында жигиттердин ортосунда чыр чыгып, курал колдонууга чейин жеткен. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңжал учурунда тараптар унаалар менен кубалашып, айрымдары ок чыгарып, таш ыргытышкан. Натыйжада Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа жабыркаган.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, милицияга 22 адам жеткирилди.



