Ысык-Көлдүн милиционерлери ишембилик өткөрүштү

Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы жазгы ишембиликти өткөрүп, аны тазалыктын майрамы деп аташты. Кызматтык форманы жумушчу кийимге алмаштырып, тартип сакчылары милиция башкармалыгынын административдик имаратынын аймагын жана ага жанаша жайгашкан участокту тазалыка келтиришти.
«Тазалыкты жана тартипти майрамдык жазгы маанай менен келтирүү өтө жагымдуу. Жаратылышты жаңыртууга, шаарды көрктөндүрүүгө өзүбүздүн салымыбызды кошуу жана жардам берүү өзгөчө сыймык. Ысык-Көл облусундагы ишембиликтер, бүткүл Кыргызстандагыдай эле, көптөн бери жакшы салтка айланган. Баарына жазгы майрамдык маанай калоо менен биздин демилгени колдоого алып, бардык жерде тазалык майрамын өткөрүүгө чакырам», — дейт облустук милициянын башчысы Орунбай Кочкоров.





