Коом

Алимбаев: кыргыз айылдарына кирип келген тажикстандыктар чыгарылды

Баткенде кыргыз айылдарына кирип келген тажикстандыктар чыгарылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

«Алар кечинде чыгарылды. Ал жакта биздин бөлүктөр иштеди», — деди облус жетекчиси.

Ошондой эле ал учурда кырдаал дагы деле оор бойдон турганын, тажик тарап менен биргеликте абалды жөнгө салуу иштери жасаларын айтты.

Белгилей кетсек, тажик тарап Лейлек районунун Достук айылындагы мектепти ээлеп алганы айтылган. Социалдык тармактарда кыргыз айылдарына кирип келип үйлөрдү өрттөп жаткан видео тараган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button