Чүй облустук төрөт үйү 1-декабрга чейин жаңы имаратка көчүрүлөт

Чүй облустук төрөт үйү оңдоп-түзөөдөн өткөн имаратка көчүүгө даярданып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, имаратты капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктады. Учурда палаталарга линолеум төшөө иштери калды. Ошондой эле имараттын айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, асфальт төшөлдү.
Инженердик иштерден котельныйга газ түтүгүн туташтыруу гана калды. Бул жылытуу системасынын толук кандуу иштешин камсыздайт.
Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Алмазбек Аскаровдун маалыматына караганда, төрөт үйүн жаңы имаратка көчүрүү иштерин 2026-жылдын 1-декабрына чейин аяктоо пландалууда.
Белгилей кетсек, буга чейин төрөт үйүндө орун жетишсиз болгондуктан, кош бойлуу аялдар коридордо жатууга аргасыз болуп жатышканын айтып, шарттарга нааразы болушкан. Облустук оорукананын директору анда көчүү ноябрь айынын башында пландалып жатканын билдирген.



