Коом
Көмүрдүн баасын өкмөт көзөмөлдөйт

Көмүрдүн баасын мамлекет 90 күнгө чейин карап, көзөмөлдөп турат. Бул тууралуу Монополияны жөнгө салуу кызматынын өкүлү Sputnik радиосунун эфиринде билдирди.
Маалымдалгандай, мындай чечим калкты отун менен камсыздоо жана алып сатарлар бааны көтөрүп ийбеши үчүн кабыл алынды.
Көмүрдүн эң жогорку баасы кийинчерээк айтылат. Рыноктогу кырдаалга көз салып туруу мөөнөтү узартылышы мүмкүн.
Эске салсак, былтыр көмүрдүн бир тоннасына 5 800 сомдон ашпаган чек коюлган.



