Саясат

Президент: Кыргызстанда 2028-жылга чейин мектептердин көйгөйү толук чечилет

Кыргызстанда 2028-жылга чейин мектеп имараттарына байланышкан көйгөйлөрдү толук чечүү максаты коюлду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарынын жана Сузак районунун тургундары жана активи менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, Баткен, Нарын облустарында жана өлкөнүн башка аймактарында эл менен болгон жолугушууларда мектептерди жаңылоо жана куруу, бала бакчаларды, маданият үйлөрүн салуу маселелери көп көтөрүлгөн.

Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунда да совет мезгилинде курулган социалдык объектилерге байланыштуу көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Алардын катарына мектептер, бала бакчалар, маданият үйлөрү, жолдор жана көпүрөлөр кирет.

Президент айылдарда таланттуу жана көрүнүктүү инсандар өсүп чыгарын, ал эми билим берүү алардын келечегине жол ачарын баса белгиледи.

Ушуга байланыштуу мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири катары 2028-жылга чейин мектеп имараттарына байланышкан көйгөйлөрдү толук чечүү максаты коюлду.

Тектеш кабарлар

Back to top button