Коом
Бишкек – Манас аэропорту унаа жолундагы кырсыкта бир адам көз жумду

Бишкек – Манас аэропорту унаа жолунда күн мурун 3-июнда жол кырсыгы катталган.
Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, саат 17:00дө ЗИЛ-130 жүк ташуучу унаасы менен “Фольксваген Гольф” үлгүсүндөгү унаа кагышкан.
Жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай каршы тилкеге чыгып, жеңил унаа менен сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен «Фольксваген Гольф» унаасынын айдоочусу каза болуп, жүргүнчүсү ооруканага жеткирилген.



