Коом
Бишкектеги штабга 380 жабырлануучу кайрылды

Бишкек шаарындагы жардам көрсөтүү штабына Баткен облусунун 380 жашоочусу кайрылган. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 145 адам Таш-Дөбө айылындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык акалемиясынын жатаканасына 145, №1 жатаканага 30 адам жана дагы 150 адам жардам берүүнү каалаган ыктыярчылардын үйлөрүнө жайгаштырылды.
“Алардын барына психиологиялык жана медициналык жардамдар көрсөтүлдү жана ысык тамак-аш жана суусундуктар менен камсыз болушту”, — деп айтылат маалыматта.
Бишкек мэриясы кайдыгар эмес жарандарга, андан тышкары Баткен облусунун тургундарын жайгаштырууга жардам берип жаткан ыктыярчыларга ыраазычылыгын билдирет.



