Коом

“Кыргызстан Баткенден башталат”. Окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоо жөнүндө буйрук чыкты

Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоо, жарандыкты калыптандыруу максатында “Кризистен кийинки калыбына келтирүү шартында балдарды жана жаштарды жарандык-мекенчилдикке тарбиялоо жөнүндө” буйрук чыгарды.

Буйрукка ылайык, төмөнкүлөрдү уюштуруу белгиленди:

  • билим берүү уюмдарында — Баткен окуяларында курман болгон аскер кызматчыларды жана жарандарды эскерүүгө арналган иш-чараларды өткөрүү;
  • “Кыргызстан Баткенден башталат” темасында дил баяндар сынагы, “Элдердин достугу өлкөнүн күчү” темасында балдар сүрөтүнүн сынагы, “Достук Ритмдери” онлайн флешмобу, “Ар бир үйгө тынчтык” веб-плакаттар сынагын өткөрүү;
  • мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар үчүн убактылуу жайгашкан жерлерде кошумча сабактарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүү;
  • Баткен окуялары учурунда жабыр тарткан жарандар менен иштөө үчүн республиканын жогорку жана кесиптик окуу жайларынын окутуучуларынын ичинен психологдорду ишке тартуу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button