Коом
Шаарлардын экологиялык абалын изилдөө боюнча депутаттык комиссия түзүлөт

Жогорку Кеңештин жыйынында шаарлардын экологиялык абалын изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү маселеси каралды.
Бул демилгени депутаттык «Ишеним» тобу көтөргөн. Талкуунун жыйынтыгында депутаттар сунушту колдоп, тиешелүү токтом кабыл алышты.
Убактылуу депутаттык комиссиянын курамына Бактыбек Чойбеков, Улан Сариев, Улукбек Узақбаев, Махабат Мавлянова, Чолпон Эсенаманова жана Алтынкүл Мурзакимова кирди.



