Коом
Ардагерлер ИИМдин кызматкерлерине снайпердик курал белек кылышты

Тажикстан менен чек арада кагылышуу коркунучу толук жоюла элек. Ошондуктан, КР Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын Жалал-Абад шаарында жайгашкан Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 5-батальонунун ардагерлери өздөрүнүн жеке аманаттарынан 16 000 сом чогултуп, атайын комплект сатып алышты. Ал түнкү көрүүчү аппарат, тепловизор.
Бул аппарат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жалал-Абад шаарындагы Ички аскерлеринин No704 аскер бөлүгүнүн өздүк курамына салтанаттуу түрдө тапшырылды. Бул бөлүктүн аскер кызматкерлери кырдаал курчуп кеткен учурда биринчи кезекте согуштук аймактарга жөнөтүлөт.





