Коом

Бишкектин Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

Тилек Кадыкеев Бишкек шаарынын Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Жаңы жетекчини башкармалыктын жамаатына Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Бакай Турдугулов менен Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин директору Эрназарбек Суеркулов тааныштырды.

Тилек Кадыкеев көп жылдык тажрыйбасы бар куруучу, буга чейин Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Курулуш башкармалыгынын башкы адиси кызматын аркалап келген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button