Коом
«Түндүк» жаран карызын текшере алчу кызматты ишке киргизди

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Рахат Жусумамбетова аталган мекеме карызынын бар-жогун сот аткаруучулар аркылуу текшерүү кызматын ишке киргизгенин айтты.
Жол кыймылынын эрежелерине ылайык, административдик айыптар боюнча карыздын жана карыздын башка түрлөрүнүн болушу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү камакка алууга, саякатка чыгууга чектөө коюуга, банктык эсептерди жабууга, ошондой эле мыйзамда каралган башка жоопкерчиликке тартууга алып келиши мүмкүн. Буга байланыштуу айып пулу бар жарандар жаңы кызмат аркылуу иштин абалы менен оңой тааныша алышат.



