Коом
Өмүрбек Текебаевдин апасы көз жумду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаевдин апасы Тилла Текебаева каза болду. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, саясатчынын апасы быйыл 90 жашка чыкмак. Ошондой эле анын ооруп жүргөнү айтылды.
Маркумдун сөөгү эртең, 30-апрелде, Жалал-Абад облусунун Акман айылында жерге берилет.



