Коом

Кыргызстан менен Орусиянын соода жүгүртүүсү 830 млн доллардан ашты

Ушул жылдын I кварталында Кыргызстан менен Орусиянын соода жүгүртүүсү 830 млн доллардан ашты. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Орусияга расмий иш сапарында аталган мамлекеттин премьер-министри Михаил Мишустин билдирди.

Анын айтымында, учурдагы рыноктук кыйынчылыктарга карабастан Кыргызстан менен Орусиянын байланыштары өнүгүүдө. 

“Өткөн жылы биздин өз ара соодабыз 3 млрд доллардан ашып, тарыхый жогорку чекке жетти. Быйылкы жылдын биринчи кварталында соода жүгүртүүнүн көлөмү дагы 30%га өсүп, 830 млн доллардан ашты”, — деди ал.

Михаил Мишустин Кыргызстан Орусиянын стратегиялык өнөктөшү экенин белгилеп, алар соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө чын дилден кызыктар экенин кошумчалады. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button