Токаев: Көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде уюштурулуп, анын жыйынтыктары калыс чыкты

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде уюштурулуп, анын жыйынтыктары калыс чыкты. Мындай пикирин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди.
“Бул грандиоздуу спорттук иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулду, ал эми анын жыйынтыктары калыс болду. Буга байланыштуу Кыргызстандын президентине ыраазычылык билдирем”, — деди ал.
Токаев мындай абройлуу таймашта Казакстан курамасынын жалпы командалык эсепте жеңишке жетиши бүтүндөй өлкө үчүн сыймык болгонун белгиледи.
“Казакстан бул жалпы ишке өз салымын кошууга дайыма даяр. Биздин ата-бабаларыбыз эки боордош элге калтырган эң баа жеткис мурас — бул өз ара урмат-сый жана түбөлүктүү достук. Биз бул акылман осуяттарды ыйык тутушубуз керек. Биз Улуу талаа цивилизациясынын мыйзамдуу мураскерлери болуп саналабыз”, — деди Казакстан лидери VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрү менен байге ээлерин сыйлоо аземинде.
Буга чейин Кыргызстан президентинин маалымат катчысы Аскат Алагөзов медалдарды кайра санап чыккандан кийин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы медаль эсебинде Казакстан биринчи орунду ээлегенин билдирген.



