
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүүчү куткаруучулары Өзбекстанда өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатка катышууда. Өрт куткаруу спорту боюнча XVII дүйнөлүк чемпионат Самарканд шаарында өтүүдө. 11 мамлекет катышып жаткан чемпионатка Кыргызстандын атынан ӨКМдин өрт куткаруучуларынан түзүлгөн курама команда спорттун “Шаты менен бийиктикке чыгуу” түрү боюнча катышууда.
Белгилей кетсек, өрт куткаруу спорту боюча XVII дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстан биринчи жолу катышып жатат. Спортчулар үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта даярдык көрүп баштаган.



