Коом

Бишкектин четинде таксистке бычак менен кол салышты

Шектүүлөрдүн бири жеринде каза болуп, экинчиси кармалды.
Айдоочуга 18-апрель түнү Бишкектен Кашка-Сууга жеткирүүгө буйрутма түшкөн. Таксистке эки жигит отурган. 

Чүй ИИББдин маалыматы боюнча, унаанын артында отурган жүргүнчү айдоочуну моюнга сайып, качып кеткен. Таксист бычакты сууруп алып, алдыңкы орундуктагы кол салып жаткан экинчи жүргүнчүгө эки жолу бычак урууга жетишкен. Бычак жеген киши ооруканага жетпей каза болгон. Айдоочунун аракети өзүн коргоо катары бааланууда. 

Экинчи шектүү кармалды. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button