Коронавирус. 229 адамдан аныкталып, дагы 4 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 25-августка карата коронавирус дагы 229 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде аймактар боюнча:
Бишкек шаарында – 102,
Ош шаарында – 7,
Чүй облусунда – 46,
Ош облусу – 8,
Талас облусунда – 3,
Нарын облусунда – 12,
Ысык-Көл облусунда – 27,
Жалал-Абад облусунда – 14,
Баткен облусу — 10 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 444 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча төрт бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 260 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 794 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 174 миң 576 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 167 миң 590 киши айыгып чыкса, 2 миң 498 адам каза болду.



