Төрт аймактын Россиянын курамына кириши боюнча мыйзамга Путин кол койду

Россия президенти Владимир Путин РФтин курамына Луганск, Донецк элдик республикаларынын, Запорожье жана Херсон облустарынын кириши боюнча Федералдык конституциялык мыйзамга кол койду. Документтер укуктук маалыматтардын расмий порталынажайгаштырылды.
Россиянын курамына ДЭР, ЛЭР, Запорожье жана Херсон облустары кирди. Аймактар РФке Баш мыйзамдын жана Федералдык конституциялык мыйзамдын 4-беренесинин негизинде киргизилгени айтылды.
Эске салсак, ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарынын Россиянын курамына кошулушу тууралуу референдум 23-27-сентябрда өттү. Бюллетендер 100 пайыз саналып бүткөндөн кийинки жыйынтыкка таянсак, эң жогорку көрсөткүч Донецк (99,23 пайыз) менен Луганскиде (98,42 пайыз) болгон. Ал эми Херсондогулардын 87,05 пайызы, Запорожье облусундагылардын 93,11 пайызы Россияга кошулууга макул болгон.



