ДүйнөКоомОкуялар

Москвада Жеңишбек аттуу таксист шылуундарды алдап, 84 жаштагы пенсионерге акчасын кайтарып берген

Москвада таксист 84 жаштагы пенсионерге 500 миң рубль акчасын алдатпоого жардам берди. Бул тууралуу 112 Telegram-каналы билдирди.

Окуя болгон күнү таксист Жеңишбек пенсионерден баштыкты алып, айтылган дарекке жеткирип бериши керек болгон. Ал баштыкта акча бар же жогун сураганда, акча жок экенин айткан. Жолдо бара жатканда баштыкты алуучулар бат-баттан чалып, күмөн жараткан. Анда таксист алдамчылар болушу мүмкүн экенин түшүнүп, баштыктын ичиндегилерди текшерген.

Акчаны көргөн Жеңишбек шылуунга бош баштыкты берип, пенсионерге кайтып келген. Бирок ал кемпир эшикти ачкан эмес. Ал полицияга чалып, үйүнүн кире беришинде укук коргоо кызматкерлерин күтө баштаган. Милиция акчаны ээсине өткөрүп берип, полиция телефон шылуундарды издей баштаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button