Ысык-Көлдүн милициясы аңчылык маалында эреженин сакталышын эске салат
Кыргызстанда туяктуу жапайы жаныбарларга, эчкилерге, эликтерге, камандарга, ошондой эле бөдөнө, көгүчкөн жана бактектерге аңчылык мезгили башталды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы токтомуна ылайык, тоо текелерине, камандарга, бөдөнөлөргө, көгүчкөндөргө жана бактектерге (эликтерден тышкары) аңчылык кылуу мезгили августтун экинчи ишембисинде башталып, декабрдын биринчи жекшембиде аяктайт. Эликтерге аңчылык сезону бир топ эрте бүтөт — 2022-жылдын октябрынын акыркы жекшембисинде.
Аңчылык маалында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине кол салуу жаатындагы укук бузууларга бөгөт коюу, укук бузууларды аныктоо, аңчылыктын. ошондой эле куралды сактоо, алып жүрүү жана аларды ташуу эрежелерин көзөмөлдөө максатында туруктуу негизде ыкчам-профилактикалык иш-чараларды өткөрүп турушат.
Ташуу учурунда курал ок-даарыдан өзүнчө кутуда, октолбогон абалда болушу керек экенин эстен чыгарбоо керек. Коопсуздук эрежелерин сактоого өзгөчө көңүл буруу керек, анткени курал-жарактар кооптуу объект болуп саналат жана аңчылыктын башка катышуучуларына коркунуч туудурушу мүмкүн.
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы курал-жарак жана аңчылык боюнча мыйзамдардын так сакталышын жана аларды аткарбоо кылмыш-жаза, укук бузуулар кодекстерине ылайык жоопкерчиликке алып келерин эске салат.



