Коом
Бишкекте Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкекте оңдоп-түзөөдөн кийин Фрунзе көчөсүнүн А. Сүйүмбаев жана Ибраимов көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеси унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Оңдоо иштеринин алкагында эски асфальт-бетон катмары алынып, жолдун негизи бекемделди, инженердик тармактар оңдолду.
Ошондой эле жаңы асфальт-бетон төшөлүп, жол инфраструктурасынын элементтери жаңыртылды.



