Саясат

Астанада КМШ ТИМ башчыларына Тажикстандын агрессиясы тууралуу маалымат берилди

КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Астана шаарында КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги отурумуна катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө шериктештиктин тышкы иштер министрликтеринин башчылары 2022-жылдын 14-октябрында Астана шаарында өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын күн тартибинин долбоорун карап, актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашышты.

Министр Кулубаев өз сөзүндө Кыргызстан 2023-жылы КМШдагы төрагалыкка даярдыгы тууралуу, ошондой эле уюмдун алкагында артыкчылыктуу багыттары жана мындан аркы өз ара аракеттенүү тууралуу маалымат берди.

Министр амактык коопсуздук темасына токтолуп, 1991-жылдын 8-декабрындагы КМШны түзүү жөнүндө келишимде, 1991-жылдын 21-декабрындагы Алма-Ата декларациясында жана 1993-жылдын 22-январындагы КМШнын уставында катышуучу-мамлекеттер өз ара мамилелерин мамлекеттик эгемендүүлүктү таануунун жана урматтоонун, теңдиктин принциптеринин, күч колдонуудан жана күч менен коркутуудан баш тартуунун, ошондой эле талаш-тартыштарды макулдашуу жолу менен чечүүнүн негизинде өнүктүрүүгө милдеттенишкенге өзгөчө көңүл бурду.

Бул багытта Кулубаев шериктештиктин уставдык документтеринин бардык нормаларына жана жалпы таанылган аймактык бүтүндүктүн, кол тийбестиктин жана чек аралардын кол тийбестигинин принциптерине карама-каршы келип, Кыргызстан бир нече жолу Тажикстандын куралдуу баскынчылык актыларына дуушар болгонун эске салды.

Ошону менен бирге КР өлкөлөрдүн ортосундагы талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен гана чечүүгө багытталганын жана Тажикстан менен эл аралык укуктун алкагында жана кабыл алынган эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдердин негизинде сүйлөшүү процессин улантууга даяр экендигине ишендирди.

Отурумдун жыйынтыгында бүгүн, 14-октябрда Астана өтө турган КМШнын мамлекеттер башчылар кеңешинин жана өкмөт башчылар кеңешинин отурумдарына бекитүүгө сунушталат бир катар документтер жактырылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button