Саясат

“Мадумаров жер саткыч” деген Бекназаров эми Мадумаров менен бирикти

Азимбек Бекназаров “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Мадумаровду бир нече жолу жер саткыч деп айыптап келген. Бүгүн, Өзгөндө чогулган курултай деп аталган жыйында экөө бири-бирин кубаттап сүйлөп, эч нерсе болбогондой чогуу отурушат.

Моралдык принциптер түгөнгөнүн ушул жерден байкаса болот. Дегеле, Мадумаров менен Бекназаровдун чек арага байланыштырган кайгылуу окуялар бар.

Акаевдин кезинде Үзөңгү-Кууш маселесинде Бекназаров популисттик кадамдары менен Аксыда кан төгүүлөрдүн себепчиси болгон. Акаев кеткенден кийин Бакиев Бекназаровду дал ошол Аксы окуяларын териштир деп тапшырган. Бекназаров кызматка келип, көзү тунарып, каза болгон аксылыктардын ишин унутуп салган.

Адахан Мадумаров Каркыра казактарга өтүп жатканда Жогорку Кеңештин төрагасы катары ратификацияга кол койгон. Экөө артын бир кылчайып карап коюшпайт тура…

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button