Спорт

Айсулуу Тыныбекова Түркиядагы күрөш мелдешинде алгачкы атаандашына жеңилип калды

Айсулуу Тыныбекова Түркияда өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan эл аралык рейтингдик мелдешинде алгачкы атаандашына утулуп калды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Спорттук иш-чара 24-27-февралда Стамбул шаарында өтүүдө.

Тыныбекова 62 кг салмакта турнирдин 1/8 финалынан баштап катышып, алгачкы атаандашы бразилиялык Лаис Нунеске 8:0 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. Эгер бразилиялык спортчу финалга чыкса, анда Тыныбекова коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button