Коом
Баткен облусунан офицер Эрматов эң мыкты демилге көтөрдү

Ички кызматтын полковниги Эрматов К.Т. Кызыл-Кыя шаарындагы №43 -жатак абагынын начальниги. Анын аракети менен мекеменин аймагында брусчатка сыяктуу маанилүү курулуш буюму чыгарыла баштады.
Бул демилге башка нерселер менен катар соттолгондорду ишке орноштуруу пландарына ылайык иш менен камсыз кылат. Ал эми эмгек терапиясы, бардыгына белгилүү болгондой, кайра тарбиялоонун эффективдүү ыкмаларынын бири болуп саналат жана мыйзам бузуучуларды рецидивден сактап калууга жардам берет.






