Пайдалуу кеңештер

Адистер ич катууга жакшы жардам берген мөмөнү атады

Диетологдор Марси Васке жана Моника Амберндин айтымында, ич каткан учурда киви алмага караганда натыйжалуураак жардам берет. Адистер бул мөмөлөрдүн ичегиге тийгизген таасири тууралуу Health басылмасына айтып беришкен.

Алардын сөзүнө караганда, төрт жума бою күн сайын эки даанадан киви жеп туруу ичегинин функционалдык бузулушунан улам ич каткан адамдарда бул көйгөйдүн белгилерин азайтышы мүмкүн. Моника Амберн кивинин таасири клетчатка кошулган азыктык кошулмаларга караганда да натыйжалуу экенин белгилеген.

Кивинин тамак сиңирүүгө пайдалуу болушу анын курамындагы актинидин ферменти жана эрүүчү жана эрибеген клетчатканын болушу менен түшүндүрүлөт. Актинидин оор тамак-аштын сиңишине жардам берет.

«Кивидеги клетчатка алмадагы же буудайдын кебегиндеги клетчаткага караганда сууну көбүрөөк кармап жана сиңире алат», — деп түшүндүргөн Васке.

Адистер алма да ичегинин иштеши үчүн пайдалуу экенин белгилешет. Анын негизги пайдасы заңды жумшартууга көмөктөшкөн пектинге байланыштуу.

Ал эми киви заңдын көлөмүн көбөйтүп, анын консистенциясын жакшыртууга жардам берет. Бул ичегинин үзгүлтүксүз бошошуна оң таасир берет.

Тектеш кабарлар

Back to top button