Футбол боюнча мелдеште Кыргызстан Мальдив аралдарын 5:0 эсебинде жеңди

Кечээ , 28-сентябрда — Бишкектеги Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын эл аралык календарынын алкагында Мальдив Республикасынын курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) президенти Адылбек Касымалиев беттешке катышып, улуттук курама командага колдоо көрсөттү.
Бул беттеш жакында улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган Урмат Абдукаимов үчүн алгачкы оюн болду. Жолдоштук беттеш Кыргызстандын курама командасынын 5:0 эсебиндеги жеңиши менен аяктады.
Белгилей кетсек, 4-октябрда Кыргызстандын улуттук курама командасы Ливандын курама командасы менен дагы бир беттеш өткөрөт. Бул жолдоштук оюндар 2027-жылы өтө турган Азия кубогунун финалдык баскычына даярдыктын маанилүү бөлүгү болуп саналат.



